13:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдүн имамдары ишембиликти жыл бою улантат

Чүй облусунун бардык аймактарындагы мечиттерде 50 пайыз ишембилик иш чарасы аяктап, коомдук жайлар, мечит, медреселердин айланалары тазаланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Жайыл районунан 35 имам Кара — Балта шаарынын Кожомбердиев жана Фрунзе көчөлөрүн тазалашып, ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке Кара — Балта шаарынын вице-мэри катышып, имамдарга ыраазычылыгын билдирди. Мындан ары Чүй облусу боюнча бардык мечиттер тазаланып, көчөт, гүлдөр отургузулуп, ишембилик иш чарасы жыл бою уланат», — деди Муфтияттын маалымат кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби