05:05
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Трамп Ноорузга карата майрамдык куттуктоосунда Иранды сындады

АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөдөгү миллиондогон элди Нооруз майрамы менен куттуктап, ошол эле маалда Иран өкмөтүн, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусун сынга алды.

Президенттин билдирүүсүндө Нооруздун тарыхы маданиятынын күчтүүлүгүнөн жана элинин чыдамдуулугунан миңдеген жылдар бою чоң чакырыктарга туруштук берип келген Иран өлкөсү менен терең байланышта экени айтылат.

«Жыйырма беш кылым мурун Улуу Дарий Иранды касташкан армия, кургакчылык жана жалган деген үч балээден сактоону сураныптыр. Бирок учурда Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул үч балээни ишке ашырып жатат. Алдамчылык расмий мамлекеттик саясат болуп калды», — деди Трамп.

Трамп ирандыктар өз укуктарын калыбына келтирүү үчүн күрөшүп жатканын жана Кошмо Штаттар аларды кубаттай турганын баса белгиледи.

«Бул жылы караңгылыкты жарык алмаштырсын, иран калкы тынчтык, өнүгүү жана кубанычка ээ болсун», — деп жыйынтыкталат АКШ президентинин билдирүүсү.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби