14:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга шарт түзүлөт

Бүгүн 16-мартта Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, шайлоо участкаларынын абалын иликтөө боюнча жумуш топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шарынын мэриясы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы мекеме ишканаларда, шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар тууралуу талкуу болуп, ага байланыштуу жумуш топтун мүчөлөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн шайлоо участкалары жайгашкан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелеринин, административдик имараттардын жана жеке сектордун жеткиликтүүлүгүнүн абалын иликтеп чыгып, жыйынтыгы боюнча сунуштарды 30-мартка чейин мэрияга бериңиздер. Келген сунуштарга карап тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлөт», -деди вице-мэр Шакир Зулимов.

Эң көп окулган жаңылыктар