20:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Суроо-жооп. Айрым кишилер үчүн дин башкаларды өзүнө баш ийдирүү куралы

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Биздин үй-бүлө мусулман катары милдеттерин аткарат. Бирок, биз аны кийген кийимибиз, жүрүм-турум, анан арабча сөздөрдү аралаштырып сүйлөө менен элге жарыяланоону туура көрбөйбүз. Жолдошум экөөбүз тең жогорку билимдүү инсан катары дин тарыхы жана башка талаптары боюнча аз-маз өзүбүзгө түшүнүктүү тилде билим алганбыз. Дин — бул ар бир адамдын жеке иши экендиги белгилүү. Бирок, кайынежем биздин үй-бүлөгө аралашып, мусулман милдеттери боюнча насаат окуй берет. Ал динчилдикти элге көрсөтүү керек деп эсептейт. Кантип катуу какпай түшүндүрө алам?

Жооп: Кайынежен бул кадамдары динге байланыштуу эмес. Ал жеке өзүнүн мүнөзүнө жана калоосу боюнча гана силерге кийлигишүүдө. Анткени, ал (Маслоу пирамидасы) башкалардын ага баш ийип, сыйынып туруусун каалайт. Так ушундай мүнөздөгү кишилер динди жеке дымагы үчүн жакшы колдонуп кетишет. Эгер анын жүрүм-турумун талдай турган болсок, божомолдуу түрдө ага себепти балалык чагынан табабыз.

Андыктан аны менен түз олтуруп сүйлөшсөңүз динге тиешелүү жок нуктагы баарлашуу болот. Мүмкүн ал үчүн туура багыт көрсөткөн кишиге айланасыз.

Эң көп окулган жаңылыктар