Ош шаарында эртең жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдайт.
Маалыматта, тийиштүү жарлыкка мэр Аймамат Кадырбаев кол коюп, жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2018-2019-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоону тапшырды.
Ал эми Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, эртең өлкө боюнча кар аралаш жаан жаайт. Ош аймагында аба басымы түнү; −1, +4, күндүзү +5, +10 градус болот.
Бишкек шаарында аба-ырайы ачык болуп, үч күн бою +8 градустан түшпөй кармалган учурда гана жылуулук өчүрүлөт.