03:23
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Турдакун Усубалиевдин ысымын тарых музейине ыйгаруу сунушталууда

Парламентте мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын Улуттук тарых музейине ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Бир бол» фракциясынан депутат Алмазбек Акматов сунуштады.

Анын айтымында, ага Нарын облусунун Кочкор районунун аксакалдары менен эмгектин ардагерлеринен кайрылуу келген. Анда өлкөнү чейрек кылым башкарган,  Турдакун Усубалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында анын ысымын Бишкектеги Киев көчөсүнө жана Улуттук тарых музейине ыйгаруу сунушталган.  Депутат Алмазбек Акматов, улуттук музейге Усубалиевдин ысымын ыйгарууну Жогорку Кеңештин атынан мамлекет башчысына, ал эми көчөгө ысымын берүүнү Бишкек мэриясына жолдоону сунуш кылды.

Эскерте кетсек, Турдакун Усубалиев СССРдин Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылышынын, КР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Ал 2015-жылы дүйнө салды. 

Ал эми Киев көчөсүнө буга чейин Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматовдун аттарын ыйгаруу сунуштары колдоо тапкан эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар