Ош шаарынын тургундары карчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
27-жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда эки бейтааныш киши күч колдонуу менен аны унаага отургузуп, акча талап кылганы жазылган. Акча чыкпаган соң ага тапанча такап, телефонун тартып алышкан. Өзүн шаардын чечине алып барып унаадан түртүп жиберишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.