05:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте троллейбус менен кичи автобус сүзүштү

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсү менен Жантөшев көчөсүнүн кесилишинен троллейбус менен кичи автобус сүзүштү. Бул тууралуу Жол кыймылын жана коопсуздукту камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, саат 11.30 чамасында катталган.

«Троллейбус Байтик Баатыр көчөсү менен бара жаткан. Жантөшев көчөсүнө жеткенде «Форд транзит» үлгүсүндөгү кичи автобуска барып урунду. Соккуу катуу болгондуктан автобус жөө адамдар өтчү жол менен кетип бара жаткан аялды сүзүп алды. Бактыга жараша аял жабыркаган жок. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — дейт Жол кыймылын жана коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума