09:35
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мединада кичи ажылыкка барган тажик ишкери киши колдуу болду

Медина мейманканасында тажик ишкери Бахтиёр Додохонов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу «Озоди» маалымдайт.

5-мартта Сауд Арабиянын Медина шаарынын мейманканаларынын биринде 33 жаштагы Бахтиёр Додохонов, анын аялы, 10 жана 12 жаштагы эки уулунун сөөгү табылды.

Маалыматка караганда, маркум «Шарки озод» басма үйүнүн мурдагы директору Манзурхон Додохоновдун уулу.

Учурда Тажикстан жана Сауд Арабиянын тиешелүү түзүмдөрү расмий билдирүү берише элек.

Бахтиёр Додохонов Тажикстанда белгилүү ишкер болгон. Он күн мурун ал үй-бүлөсү менен Мединага кичи ажылыкка жөнөп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби