10:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатты коңшулар менен ынак мамилеге багыттайт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда тышкы саясатын багыты боюнча дагы сөз козгоду.

Өлкө башчысы «алыскы туугандан жакын коңшу артык» деп эсептейт.

«Андан тышкары, АКШ, Япония, Түркия өлкөлөрү менен ымаланы бекемдейбиз. Эл аралык мамиленин жаңы форматын түзөбүз» — деди президент.

Ал эми Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат. Сооронбай Жээнбеков Россиядагы шайлоо Владимир Путинге жан тартарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума