07:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткенде мыкты аялдар майрамдык салтанатка чакырылды

Баткенде 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына уюштурулган облустук салтанатка 150 айым чакырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын айтымында, 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата баатыр энелер, лидер аялдар, жеке ишкерлер, саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылды.

Салтанат атайын концерттик программа менен коштолду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума