17:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

АКШда кармалган Теңгиз Сыдыковдун Бишкектеги агасы УКМКга суракка чакырылды

АКШда кармалган Теңгиз Сыдыковдун Бишкектеги агасы Чыңгыз УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдайт. Сурак бүгүн өтөт.

Теңгиз Сыдыковдун апасы журналист Замира Сыдыкова уулу бүгүн кармоодон бошотулганын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Теңгиз Сыдыков үй камагында болот.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыковго жана 27 жаштагы Эльдар Резвановго ок атуучу куралдарды аткезчилик жол аркылуу эл аралык деңгээлде сатуу жана башка укук бузуулар менен алектенген деген айып тагылып, 27-февралда кармалган.

Теңгиз Сыдыков белгилүү журналист Замир Сыдыкованын уулу. Апасы уулунун курал-жарак аткезчилигине тиешеси жоктугун айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар