21:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Республикалык Куран окуу боюнча жарышта 80ден ашык улан ат салышууда

1-мартта Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарышы башталды. Куран жарышына өлкө аймагындагы тандоо турунан өткөн 82 талапкерлер катышып, өз күчтөрүн сынашууда. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Куран жарышы балдардын Куранга болгон сүйүүсүн бекемдеп, ыймандуулукту, адептүүлүктү жана жан дүйнөнүн тазарышына түрткү берет. Куран жарышы жылыга уюштурулуп, бул жолку жарыш электрондук форматта өтүүдө. Ар бир катышуучу кутучадагы номурду алып калыстарга айтышат. Берилген номур менен электрондук түрдө кайсыл аятты окуй тургандыгын тандап беришет», — деди , КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Эң көп окулган жаңылыктар