12:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанда эшек сойгон кишилер кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда жыйырма эшекти союуга аракет жасаган кишилердин тобу кармалды. Малдын айкырганын угуп, айыл тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Наманган облусундагы Соку айлынын тургуну маалымдагандай, 26-февралда ишкер Адилбай Назаровдун фермасында эшектерди жапырт мууздоо аракети болгон.

«Биздин айылда эч ким эшек кармабайт. Соку айлынын четиндеги Адилбайдын фермасынан эшектердин айкырганын уккан эл тынчсызданды. Кимдир бирөө аймактык инспекторго телефон чалды. Ал фермага келип, үч эшектин союлган этин көрүптүр», — деди айыл жашоочусу.

Атын атагысы келбеген милиция кызматкери бул маалыматты тастыктады, бирок окуя тууралуу кененирээк айтып берүүдөн баш тартты. Район акимчилигинин өкүлү териси сыйрылган эшектердин сом этин өз көзү менен көргөнүн билдирди.

​«Бул балдар мурун дагы эшек союп жүрүшкөн экен. Милиция кызматкерлери союлган малдын бүтүн этин алып кетишти. Дезинфекциялап туруп көмүшөт2, ​— деди жергиликтүү аткаминер.

Ишкер Адилбай Назаров фермасын таанышына ижарага берип жүргөнүн айтты. «Ал бала эшектерди мууздабай эле, өлгөн малдын терсин сыйырып жүрчү экен. Себебин билбейм. Актангым келбейт, бирок эшек союу үчүн сураса, фермамды бербейт элем», — деди Назаров.

2016-жылы Самаркандда эшек бизнеси менен алектенген адамдардын тобу соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар