11:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто сот 12 жашар баланын өлүмү боюнча ишти кароону токтотту

Ош шаардык соту 12 жашар баласын сабап өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан жарандын ишин кароону токтотту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алгандыгын эске алуу менен ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароону процесс башталаардын алдында анын адвокаты өтүнгөн. Мындан тышкары, баланын энеси күйөөсүн ачык айыптоону колдоодон баш тартып, тосмо арыз берген.

«Айыпталуучу 47 жаштагы Оштун тургуну. Анын 4 баласы бар, мурун соттолгон эмес, убактылуу эч жерде иштебейт. Адвокаттын ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо тууралуу өтүнүч катына мамлекеттик айыптоочу каршылык көрсөткөн эмес. Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде айыпталуучу байкабастыктан уулунун өлүмүнө себепкер болгондугу белгиленип, жоопкерчиликтен четтетилип, кылмыш иши токтоду», — деп маалымдашат соттон.

Алардын айтымында, жабырлануучу тарап ачык айыптоону колдоодон баш тартып, тосмо арыз берген учурда кылмыш иши токтотулат. Ал эми тараптар тарабынан даттануу арызы түшкөн эмес жана чечим күчүнө кирген.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, коюлуп жаткан айып сотто өзгөртүлгөн учурда жабырлануучу тарап ишти кайра тергөөгө алуу өтүнүчү менен кайрылса болот. Ал эми мамлекеттик айыптоочу ага милдеттүү. Бирок аталган кылмыш иши боюнча андай процедура жүргүзүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын декабрында Ошто сабалган 12 жашар бала каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары атасы кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби