15:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаков актриса Элина Абай кызына мамлекеттик сыйлык ыйгарды

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков, маданият жана искусство ишмерлерин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр өз сөзүндө Кыргызстанды чыгармачылыгы аркылуу дүйнө жүзүнө даңазалаган белгилүү маданият жана искусство ишмерлерине терең ыраазычылыгын белгиледи.

«Мен чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, сиздердин талантыңыздарга терең таазим этем. Бул сыйлык сиздердин кыргыз элинин маданий мурасынын, анын тарыхынын жана каада-салттарынын сакталышы жана өнүгүшүнө кошкон салымыңыздардын таанылышы болуп саналат», — деди Исаков.

Өкмөт башчынын колунан адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты төмөнкү маданият жана искусство ишмерлери алды:

— Жунушев Каныбек, акын — «Күн чубак» ырлар жыйнагы үчүн;

— Огобаев Талант, сүрөтчү — «Космос любви» картинасы үчүн;

— Садык Шер-Нияз, режиссер-коюучу, сценарист — «Курманжан Датка» тарыхый көркөм фильми үчүн;

— Турдубаев Бакытбек, сценарист — «Курманжан Датка» тарыхый көркөм фильминин сценарийи үчүн;

— Алиев Мурат, оператор — «Курманжан Датка» тарыхый көркөм фильми үчүн;

— Мамбетова Назира, актриса — «Курманжан Датка» тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Абай кызы Элина, актриса — «Курманжан Датка» тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн.

Эң көп окулган жаңылыктар