Чүй облусунун Токмок шаарындагы бала-бакчадан өрт чыкты. 14 бала тышка чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Алардын маалыматында, эч ким жабыркаган жок. Өрттүн чыгышына электржабдууларын туура эмес байланыштыруу себеп болду.