01:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто бокстун 90-жылдыгын белгилешти

Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин залында Кыргыз боксунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта, акыркы 4 жылда Ош шаарында 4 спорт зал пайдаланууга берилип, 5 спорттук мектепте, 36 спорттук залда спорттун 21 түрүнөн машыгуулар өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.

Учурда СССРдин жана Кыргызстандын бокс боюнча чеберлеринин саны 111ди түзөт жана спорттун чеберлигине 55тен ашуун талапкер даярдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар