01:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өзбекстанда шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф тууралуу тасма көрсөтүлдү

18-февралда «Өзбекстан 24» телеканалы шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу тасманы көрсөттү. Фильмди тартуу идеясы президенттин басма сөз катчысы Камил Алламжановго таандык экени айтылууда.

Жакында эле мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев шейхтин атын түбөлүк калтыруу зарылдыгын айтып, анын ысымын Ташкенттин Чиланзар районунда курулуп жаткан жаңы мечитке берүүнү демилгелеген.

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1952-жылы Анжиян облусунда туулган. Ал Өзбекстанга гана эмес, жалпы ислам дүйнөсүнө таанымал окумуштуу болгон. 1989-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган. Бул кызматта ал кеңири эл аралык ишмердүүлүк менен алектенип, көптөгөн ислам өлкөлөрү менен маданий-агартуучулук байланыштарды бекемдөөгө жетишкен.

Андан тышкары шейх Мухаммад Садык Ислам уламалары жана дүйнөнүн ойчулдары жыйынынын аткаруу бюросунун, Бүткүл дүйнөлүк мусулман уламаларынын, Дүйнөлүк Ислам Лигасынын жана Иорданиянын Падышалык академиясынын мүчөсү болгон. Египеттин «Нил Лавры» алтын медалы менен сыйланган.

Белгилүү окумуштуу диний-агартуу темасында 100дөн ашык китеп жазган. Ислам Каримовдун өкмөтү менен мамилеси жакшы болбогон шейх бир нече жыл Ливияда жашап турууга мажбур болгон. Бирок Ташкенттеги 1999-жылкы жардыруудан кийин Каримов анын коопсуздугун кепилдеп, мекенине кайтып келүүнү сунуштаган.

Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 2015-жылы 10-мартта Ташкентте жүрөк оорусунан улам көз жумган. Аны акыркы сапарга узатууга 200 миңге жакын киши катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар