13:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мирзиёев жети өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жойду

10-февралдан тарта Израилдин, Индонезиянын, Түштүк Кореянын, Малайзиянын, Сингапурдун, Түркиянын жана Жапониянын жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Муну менен жарандары Өзбекстанга визасыз кире ала турган өлкөлөрдүн саны 16га жетти. Учурда визасыз режим менен (60 күнгө чейин) Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Грузиянын, Казакстандын, Молдованын, Орусиянын, Украинанын жана Кыргызстандын жарандары пайдаланышат. Ошондой эле Өзбекстандын жарандары дагы бул өлкөлөргө визасыз бара алышат.

Президенттин жарлыгына ылайык, 10-февралдан тарта 39 өлкөнүн жарандарына туристтик визаларды берүүнүн тартиптери дагы жөнөкөйлөштүрүлөт. Анда ТИМге туристтик ваучерди же Өзбекстанга чакырган жеке жана юридикалык тараптын кайрылуусун берүү тартиби жоюлат. Андан тышкары виза даярдоо мөөнөтү документтер кабыл алынган күндү эсептебегенде эки иш күнүнө чейин кыскартылат. Муну менен жөнөкөйлөтүлгөн виза тартиби менен пайдаланган өлкөлөрдүн саны 15тен 51ге чейин көбөйөт.

Эң көп окулган жаңылыктар