03:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Журналист Элнура Алканова үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Журналист Элнура Алканова үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.

Анын айтымында, Алкановага коюлган айыптоолор боюнча айыппул, же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«Кылмыш иши азыр прокуратурага өткөрүлүп берилди. Эгер жакшы прокурорго туш келсе, ал тергөөгө кайтарып берет. Анткени Алкановаго козголгон иш мыйзамсыз. Журналисттин банктык жана коммерциялык сырды ачыктаганы далилдениш керек. Ага далил жок туруп, иш козгоп жатышат», — деди Жыргал Бабаев.

Журналистке Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы «Коммерциялык, же банктын жашыруун сырды мыйзамсыз алгандыгы» жана «Коммерциялык, банктын жана салыкчы төлөөчүнүн өздүк маалыматын элге жарыялагандыгы» беренелери менен айып таккан.

Эскерте кетсек, журналист Элнура Алканова мурдакы президент Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн.

Анда «Идеал Хаус» компаниясына тиешелүү аймакты «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алгандыгы айтылат. Журналисттин маалыматында, Темир Рыскулов өкмөт башчысы Сапар Исаковдун классташы жана досу.

Максим Бакиевдин «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги үйлөр салынган «Идеал Хаус» компаниясынын ээлиги 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырган. Аны жакында мамлекеттик мүлк фонду 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Аны «ВостокТехКомплект» ишканасы сатып алды. Бул компаниянын артында мурдакы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу тургандыгы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар