03:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков Баткенде кызына өтүк сатып алды

Премьер-министр Сапар Исаков Баткенде кызына өтүк сатып алды.

Өкмөт башчысы бүгүн Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Ал өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы. Андан тышкары, өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Жергиликтүү аткаминерлер өкмөт башчысын жарманкеге алып барышты. Анда Сапар Исаковго «Лейлек» эркин экономикалык аймагында жасалган резина өтүк жагып калып, аны кичине кызына сатып алды. Маалыматка караганда, премьер 200 сомдун ордуна, сатуучуга 5 миң сом берди.

Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар