19:29
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аба-ырайы: Кар жаап, жолдор тоңот

14-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматта, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы айтылат. 15-16-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине катуу кар түшөт.

17-18-февралда:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз −1...-6°;

Талас аймагында түнкүсүн −8...-13°, күндүз −2...-7°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −3...-8°, күндүз 2°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −8...-13°, күндүз 0...-5°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн −18...-23°, күндүз −9...-14°.

Эң көп окулган жаңылыктар