17:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сапар Исаков Дубай полициясынын штаб-квартирасынын ишмердиги менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков 10-февралда өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын (БАЭ) полициясынын штаб-квартирасынын ишмердиги жана алдыңкы технологиярдын колдонулушу менен коомдук тартипти камсыздоо боюнча жыйынтыктары боюнча маалымат алды.

Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүдөгү абалды түз байгоого алуу башкаруу борбору менен тааныштырды.

Аталган жабдуулар автоматтык түрдө укук бузуулурды жана жарандардын келбетин аныктайт.

«Биздин максат дүйнөдө эң коопсуз шаар болуу. Бул жакта заманбап маалымат технологиялар жана жогорку адистүү полиция кызматкерлери коомго кызмат кылышат. Штаб-квартиранын ишинде жасалма интеллект колдонулат», — деди Дубай шаарынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль Марри.

Премьер-министр Сапар Исаков Штаб-квартираны ишмердиги менен таанышуу Кыргызстанда «Акылдуу шаар» проектисин ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

«Бул мекемеде жогорку кесипкөй топ чогулуптур. Бизге силер топтогон тажрыйбага муктажбыз. Ушул проект ишке ашышы менен биз жол кырсыктары менен кылмышкерлик көрсөткүчтөрүнүр төмөндөшүн күтүүдөбүз. Камералардын коюлушу бул учур талабы», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полиция штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашып, кызматташуу маселерин талкулоого Кыргызстанга чакырды.

«Биздин эмгек жамаатыбыз Штаб-квартиранын ишмердүүлүгүнө жогорку баа бергениңизге ыраазычылык билдиребиз.

Дубайдын башчысы берилген тапшымарларды ишке ашырууга бардык колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Биз «Акылдуу шаар» долбооруна колдоо көрсөтүп, өзүбүздүн кызмакерлерди жөнөтүүгө даярбыз.
Дүйнөдө ар бир укук коргоо органынын коомдук тартипти жана кылмыштуулукту азайтуу боюнча иштиктүү тажрыйбасы бар. Ушул себебтүү тажрыйба алмашууга биз кыргыз тарабынан адистерди күтөбүз. Бардык жардамыбызды берүүгө даярбыз», — деп белгиледи Дубай полициясынын башчысы.

Мындан тышкары Дубайда эки миллиондон ашык жарандар колдонуучу «Dubai Polis» мобилдик тиркеме иштейт.

Алар шаардагы болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат алып, айыптарды төлөп, өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам сурап, жол-транспорт кырсыгы жана шектүү, мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча маалымдап, тийиштүү органдар менен камсыздандыруу компаниялардан кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Премьер-министрдин сапары учурунда ИИМ Академисынын окуучулары жана ИИМдин кызмакерлери квалификациясын жогорулатууга жана тажрыйба алмашуу боюнча оозеки макулдашуу болду.
Ошондой эле Штаб-квартиранын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары учурунда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусу меморандумуна кол коюлуусу күтүлүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаков аталган долбоорлор абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, шаарларды санариптөө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жергиликтүү бюджетти толуктоодо.

«Бүгүнкү күндө биз инвесторлор менен биргеликте практикада жок техникалык масеселерди иштеп чыгып, жаңы технологияларды издөөдөбүз», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкар Сапар Исаков структуралык бөлүмдөрдүн ишмердиги менен жана Дубай полициясынын Штаб-квартирасындагы колдонулган алдыңкы технологиялар жана техника менен таанышты.
Премьер-министр ошондой эле «Smart Police Station» тилкесине барып, Дубай полициясынын заманбап технологияларын көрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар