15:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президенттердин жолугушуусун утурлап облус башчылары кезикти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев расмий жумушчу сапары менен Тажикстандын Согди облусунда болду. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтуусунда, Абиш Халмурзаев Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен эки облустун соода экономикалык, социалдык маданий жана башка тармактар боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу жана 2018-жылдын 1-2-февралында Душанбе шаарында өтүүчү эки мамлекеттин президенттеринин катышуусундагы расмий жолугушуунун алкагында, эки облустун жетекчилери кол кое турган 2018-2020-жылдарга Баткен-Согди облустарынын кызматташуу планынын, долбоорун талкуулашты.

Андан тышкары, Абиш Халмурзаев жана Раджоббой Ахмадзода Согди облусунун эмгек ардагерлери, аксакалдары жана эмгек алдыңкылары менен сый тамак үстүндө баарлашты. Аксакалдар эки облустун жетекчилерине кыргыз тажик элинин ынтымагын, карым катнаш, алакасын чыңдоо аракеттерин өзгөчө баалап, ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар