02:08
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш өкмөттөн ЖЭБтеги кырсык үчүн жооп талап кылууда

«Бишкек жылуулук электр борборундагы» кырсык үчүн премьер-министр Сапар Исаков жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутаттар Бишкек шаарынын тургундарынын кыш чилдесинде төрт күн жылуулуксуз олтурушуна жооп бериши керек деп билдиришти. Отурумда биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жакында дайындалып, кышка даярдык көрүүгө катышпаганы белгиленди.

Айрым эл өкүлдөрү өкмөттүн отставкасын талап кылуу туура эместигин айтып чыгышты. Анткени, ЖЭБди модернизациялаган ТВЕА ишканасы менен келишим парламенттик кароодон дагы өткөн.

«Күнөө бизде да бар. Жылуулук акысы төмөн. ЖЭБге жеткиликтүү каржылоо жок. Өкмөттүн отставкасын талап кылуудан мурда маалыматты угуу керек» — деди Азамат Арапбаев.

Бул маселе күн тартибине киргизилип, энергокомпаниялардын жетекчилери чакырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар