22:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

УКМК Бабановдун сөзүн талдаган адистерди суракка алды

Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу маалымдайт.

Алардын маалыматында, лингвистикалык топтун жетекчиси Үмүт Култаева Бабановго байланыштуу иштен улам кызматтан алынды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөнүн талдаш үчүн адистер тобу 2017-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн. Бабановдун тарапкерлеринин сунушу менен илимий ишмерлерден түзүлгөн топтун курамында беш киши бар. Адистер тобунун башына Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору, доктор Үмүт Култаева шайланган.

Култаеванын айтымында, жумушчу топ лингвистикалык, политологиялык, социологиялык жана юридикалык экспертиза жүргүзүп, Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөздөрүндө «улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес» деген тыянакка келишкен.

«25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, бул топто өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту көрсөтүштү» -дейт ал.

Президенттикке талапкер кезинде Өмүрбек Бабанов өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушуп жатып, «тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык», «эч кимден коркпогула» деген өңдүү сөздөрдү айткан.

Башкы прокуратура 4-ноябрда «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү («Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу»), 299-берененин биринчи бөлүгү («Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу») боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы «монтаждалган жалган жалаа» деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК «Республика» партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар