13:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Боршайкомго Өмүрбек Бабановдун атынан арыз түштү

Боршайкомго парламенттин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун атынан арыз түштү. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Жогорку Кеңештин депутатынын атынан жазылган арызды нотариус ырастаган.

«Азыр мандатын тапшыруу боюнча арызды жумушчу топ карап жатат. БШК жакынкы күндөрү чечим чыгарат», — деди Абдыжапар Бекматов.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. 30-декабрда саясаттан кетерин жарыялаган. Буга чейин Бабановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын БШК жараксыз деп кабыл алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар