23:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары Акүй алдына митингге чыгышты

Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары Акүй алдына митингге чыгышты. Алар өздөрүн жер тилкелерин трансформациялоону талап кылышат.

Алардын айтымында, бир катар жерлерди бир категориядан экинчиге которуу боюнча мыйзам долбоордон өкмөт алардын жаңы конуштарын алып салган.

«Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш июнда кабыл алган. Анда биздин жерлер тизмеде бар болчу. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев кол койбой кайра артка жөнөттү. Өкмөт долбоорду кайра иштеп чыгып жатып, биздин жаңы конуштарды тизмеден алып салыптыр. Бул туура эмес. Баарын бирдей трансформациялоо керек. Мыйзамсыз курулган көпчүлүк үйлөр Сокулук жана Аламүдүн районунда жайгашкан» — дейт ал.

Аталган райондун тургундары 22-январь күнү да митинг өткөрүшкөн. Анда алар өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрү менен жолугуша алышкан эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар