16:18
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Өкмөт 2016-жылы референдумда Конституциядан алынган ченемди кайра киргизүүдө

Өкмөт 2016-жылы референдумда Конституцияга киргизилген өзгөртүүнү жокко чыгармакчы. Бул тууралуу бүгүн парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Курманкул Зулушев билдиргендигин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  долбоору 3-окууда каралды.

Депутаттын баамдоосунда, мыйзам долбоордогу сунуш 2016-жылдын 11-декабрында өткөн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууга багытталган.

«Бул референдумда Кыргызстан эли КР Конституциясынын 41-беренесинин 2-пунктунун экинчи сүйлөмүн алып салууга добуш берген. Мындан улам биз эл аралык уюмдар биз үчүн кабыл алынгыс ченемдерди — кимге жазаны жумшартууну, же кимди түрмөдөн чыгарууну мажбурлай турган, республикага таңуулашы мүмкүн болгон кырдаалдан чыктык. Эми аны кайра киргизүү сунушталууда» — деди депутат.

Өкмөттүн өкүлүнүн сунушу менен мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылы конституцияга сегиз өзгөртүү киргизилген. Анын бири эл аралык келишимдердин ички мыйзамдарга үстөмдүгүн жок кылуу болду. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын 6 беренесинин 3-бөлүгүндө эл аралык келишимдерди, укуктарды колдонууну ички мыйзамдарга таянып чечилери айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү