11:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдө кафе толугу менен күйүп кетти

Ысык-Көл районун Бостери айылындагы «Борбор» пансионатындагы «Осьминог» кафеси толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, кафеде кечээ өрт чыгып, төрт саат ичинде имараты толук күйгөн.

Ага жакын салынган «Грин Хаус» 3 кабаттуу конок үйүнүн жарым аянтты, «Саябан» 2 кабаттуу конок үйүнүн 90 чарчы метр чатыры дагы күйгөн.

Өрттүн чыгуу себеби ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

Кафе учурда иштебей турган. Айрым маалыматтарга караганда, ал саясатчы Өмүрбек Бабановдун эжесине караштуу.

Эң көп окулган жаңылыктар