18:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Уунасын газга өткөргөндөргө жеңилдиктер берилет

Уунасын газга өткөргөндөргө жеңилдиктер берилет. Бул боюнча сунушту Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аалы Карашев көтөрдү.

«Газга өткөн айдоочуларга жеңилдиктерди бериш керек. Бул башка айдоочуларга дагы түрткү болот. Экологияны сактоо үчүн күйүүчү майдан газга өтүүгө шарттар түзүлүшү керек», — деди Аалы Карашев.

Депутаттын айтымында, Бишкек шаарындагы ТЭЦти модернизациялоодо дагы фильтр коюлган.

«ТЭЦтен чыккан түтүн азайышы керек болчу. Негизинен фильтр коюлгандан кийин түтүн шаардын өйдө жагына көтөрүлүп баштады», — дейт депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар