11:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө

Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламатыктык сактоо министрлигинин өкүлү Бактыгүл Жумакулова мектеп коопсуздугу боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде 27 өспүрүм ВИЧ менен катталды. Алар илдетти жыныстык катнашта жугузуп алган. 

«Андан тышкары Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда наристе кезинде ооруканада шприц аркылуу жугузган балдар чоңоюп өспүрүм болушту», — дейт Бактыгүл Жумакова. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума