05:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек-Ош жолунда эки уунаны көчкү басып калды

Бишкек-Ош жолунун 192-чакырымында эки уунаны көчкү басып калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, азырынча кар көчкү түшүү коркунучу жок. Атайын техника жолду тазалап жатат. Андан тышкары, Таласта катуу шамал жүрүп, бир катар үйлөр чатырсыз калды.

Кубатбек Боронов, азыр атайын штаб түзүлүп, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу иш алып бармакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар