09:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Памирден көчүп келген кыргыздардын балдары президенттин балатасына чакырылды

Ооганстандын Памир аймагынан көчүп келген кыргыздардын балдары президенттин балатасына чакырылды. Бул тууралуу Нарындагы өкмөттүн өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын айтымында, облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен бирге 16 памирлик мектеп окуучулары Бишкекке сапар алышты.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Памирден 33 этникалык кыргыз Кыргызстанга көчүп келип, Нарынга жайгаштырылды. Алардын 17си 18 жашка чейинки балдар. Бир кош бойлуу аял күзүндө Бишкекте көз жарып, уулунун атын Алмазбек койду. Мурдакы президенттин атынан бул үй-бүлөгө үй алып берилди.

Памирлик кыргыздар жакында социалдык тармактын өкүлдөрү өткөргөн «Facebook party» кечесинде дагы конок болушту. 

Эң көп окулган жаңылыктар