06:02
USD 69.84
EUR 78.88
RUB 1.05

Ошто белгисиз жарандар үйдүн кожоюнун өлтүрүп, үйүнө өрт коюп кетишти

Ошто белгисиз жарандар үйдүн кожоюнун өлтүрүп, үйүнө өрт коюп кетишти. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Өрт чыккан үйдүн 61 жаштагы ээси Өктөм Абдыкадыров сабалып өлтүрүлгөнү ырасталды. Аялынын айтымында, түн жарымында үйгө уурулар кирип келип, акча талап кылышкан.

«Кылмышкерлер аялын да сабашкан. Ал эс-учун жоготкондо өлдү деп ойлоп, үйдү өрттөшкөн. Азыр аял ооруканада. Кылмыш иши козголду», — дейт ИИБсы.

Эң көп окулган жаңылыктар