12:46
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Лейлекте катуу шамал үйдун чатырларын учуруп кетти

Лейлек жана Баткен райондордун аймактарында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Көкташ айылындагы Бабасаттаркулов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырын учуруп кеткен.

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында 3 үйдүн 35 даана шифер жараксыз абалга келген.

Азыркы убакта Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө тактоо иштери жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар