15:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Туристтик аймактардагы үйлөрдү мейманкана катары пайдаланууга уруксат берилди

Туристтик аймактардагы үйлөрдү мейманкана катары пайдаланууга уруксат берилди. Бул боюнча мыйзам долбоорду парламенттин депутаттары добуш берүүгө жөнөттү.

Демилгечилердин бири депутат Алтынбек Жунус уулунун айтымында, мыйзам долбоору өкмөт тарабынан аныкталуучу туристтик зоналарда жайгашкан көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары менчик ээсине ижарага берүү маселелерин жөнгө салуу максатын көздөйт. Айрым региондун жарандарына көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары пайдалануудан пайда табуу мүмкүндүгүн берүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Талкууда туристтик гана эмес, баардык эле региондордун тургундарына уруксат берүү жана меймаканага айлантууда коңшулардын уруксатын эске алуу сунушталды.

Эскерте кетсек, буга чейин парламент үйлөрдү меймаканага айлантууга тыюу салган. Ага Бишкек шаарынын тургундарынын суткасына ижарага берилүүчү батирлерге даттануусу себеп болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби