18:12
USD 68.16
EUR 80.04
RUB 1.09

Жогорку Кеңеш салыкчылардын эсебинен өздүк каналын каржыламакчы

Жогорку Кеңеш «Пирамида» медиахолдингин парламенттин карамагына өткөрүп, бюджеттин эсебинен каржыламакчы. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды.

Анда маалым болгондой «Пирамида» телеканалынын бюджети 20 миллион сомду түзөт. Азыр телеканал өзү каражат иштеп таап, чыгымдарын жабууда.

Телеканалды Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүү сунушу колдоого ээ болду.

Эскерте кетсек, буга чейин мурдакы чакырылыш «Бешинчи каналды» парламенттин карамагына өткөрүү аракетин көргөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар