03:44
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Жалал-Абад шаары жаңы жылдык кечеге жарым миллион сарптайт

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы өткөрүлүүчү жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга 458 миң сом каражат бөлдү. Ошондой эле майрамдык иш-чаралар планын бекитти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Биринчи кезекте шаарды майрамдык жасалгалоо, бардык мекеме-ишканаларда даярдык иштерин аяктоо, шаар аймагында коомдук кооспуздукту, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жагы тийиштүү мекемелерге

тапшырылды.

Ар кайсы фирмалардан алынып келип жаткан пиротехникалык каражаттарды мыйзамдуу алынып келишине, кампаларда жана соода түйүндөрүндө сакталышына, сапатына жана уруксат кагаздарынын барлыгына көзөмөлдү күчөтүү, ал эми мыйзамга ылайык келбеген пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салуу жагы белгиленди. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында пиротехникалык каражаттарды пайдалануудан зыян тартып калуулардын алдын алуу жагы да көздө тутулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар