Анталиянын Манавгат райондук соту 13-декабрда кыргызстандык келинди 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу кабарлайт.
Маалыматта 34 жаштагы кыргызстандык 31 жаштагы түрк жаранын бычак менен сайып өлтүргөндүгү үчүн соттолгондугу айтылат.
«Окуя быйыл март айында Манавгат районунда болгон. Сотто айтылгандай, кыргызстандык келин түрк досунун унаа оңдогон устаканасына келген. Чогуу тамактангандан кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, келин столдогу бычак менен Түркия жаранын бир канча жолу сайган. Күбөлөр полицияга кабар берип, ишти Манавгат райондук прокуратурасы тергеген» - деп кабарланат.
Декабрь башында Түркиянын Бурса шаарында кыргызстандык кыз жигити менен чатакташып, үчүнчү кабаттан бой таштап, каза болгондугу маалымдалган.
Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 16 миңдей кыргыз жараны эмгектенет.