12:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Оштун Жапалак аймагында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда

Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагына болгон жумуш сапарында билдирди.

Учурда Ош шаарында 41 бала бакча бар. Анда 14 500гө жакын жаш балдар тарбияланат. Мындан сырткары, 25 жеке менчик бала бакчада 1200дөн ашуун бөбөк билим алат.

Курулуштун качан башталары азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума