18:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгында облус жетекчисинин орун басарынын эжеси набыт болду

13- декабрь күнү кечке жуук Каракол — Бөкөнбаев жолунун 5-чакырымында Саруу айылына жакын жерде «Хонда Стэпвэгон» менен «Хендай Портер» кагылышып кетти. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн пресс-катчысы Жаныбек Кожоев ырастады.

Анын айтымында, жол кырсыгында облус жетекчисинин орун басарынын 60 курактагы эжеси Элмира Үсөнова набыт болду. Ал «Хонда Стэпвэгон» менен жүргүнчү катары бара жаткан.

«Эжеси үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунда иштечү. Азыр айдоочулар ичимдик ичкен эмес беле текшерилип жатат» — деди ал.

Кырсыкта дагы төрт киши ар кандай жаракат алышкан. Алар Каракол шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума