Кыргызстанда 2017-жылдын 11 айында 820 киши мерт болду. Бул тууралуу бүгүн жол кырсыктарын азайтуу боюнча өкмөттө өткөн жыйында айтылды.
11 айда 5 миң 852 жол кырсыгы катталып, анда 8 миң 934 адам жабыркады. 1 миң 326 жол кырсыгына балдар катышып, 94ү каза болуп, 1 миң 900 бала ар кандай жаракат алды.
378 жол кырсыгына коомдук транспорттун айдоочулары себеп болушкан.