22:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көп аял алууну колдогон диянатчылар шариаттын шарттарын жашырышат

Көп аял алууну колдогон диянатчылар шариаттын шарттарын жашырышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында тарыхчы Элери Битикчи билдирди.

Анын айтымында, көп аял алуу шариатта айтылган. Бирок, анда катуу шарттар коюлган.

«Мында материалдык абалынан сырткары, ал адамдын мүнөзү жана эрки дагы ага туура келиши керек. Андан тышкары, эгер киши экинчи аялды өзүнүн аброюн көтөрүү, же ойношторунун саны көбөйтүү үчүн гана алып жаткан болсо ал арам болуп саналат. Биздин молдолор бул тууралуу айткысы жок» — дейт Элери Битикчи.

Элери Битикчинин пикиринде, көп аял алууну колдогондор «Манастан» мисал келтирүү менен өздөрүнүн демилгесинин терс жактарын гана көрсөтүүдө.

«Ооба Манастын атасы Жакыптын эки аялы болгон. Алар эмне болду? Бири-бирине душман болуп, элди бөлүп жарды. Ал мамлекеттик трагедиясына айланды. Каныкей кайынатасын бычактап өлтүргөнүн билебиз» — деди тарыхчы.

Эскерте кетсек, мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов экинчи аял алгандыгын жарыялап, башка эркектерди дагы токол алууга үндөгөн. 

Бүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү парламентке, өкмөткө кайрылып, көп аял алууну мыйзамдаштыруу айланасында талкууларга чекит коюуну талап кылды. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынан кош никелүүлүккө каршы мыйзамдарды иштеп чыгууну,  муфтияттан көп аял алууга чакырыктардын алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума