Түркиянын Бурса шаарында кыргыз кызы көз жумду. Бул тууралуу маалыматты "24.kg"агенттигине Тышкы иштер министрлигинен ырасташты.
Алардын маалыматында, Кыргызстандын жараны досу менен чогуу жашаган үйдүн үчүнчү кабатынан кулап түшкөн. Окуянын чоо-жайы текшерилүүдө.