00:58
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакырылды

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов саат 14.00гө Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына келиши керек.

«Чубак ажыга эч кандай күнөө тагылган жок. Болгону андан: «эмнеге экинчи никең тууралуу ачык айтып жатасың? Элдерде тынч эле жашай бербейт белең?» — деп сурашты. Чубак ажы башка эки никелүү саясатчылардын, аткаминерлердин экинчи аялдарынын жана балдарын тагдырын ойлоп, алардын укугун камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын. Андыктан, көп аял алууну мыйзамдаштыруу зарылдыгын айтты» — дейт Акин Токтоналиев.

Жактоочунун айтымында, Чубак ажы Жалилов жүрөгүн дарылаганы Казакстанга бармакчы болгон.

«Жүрөгү ооруйт. Казакстанга дарыланганы жөнөсө, чек арадан өткөрбөй коюшту» — дейт Акин Токтоналиев.

Эскерте кетсек, ишемби күнү Чубак ажы Жалилов Ысык-Көлдөн Бишкек шаарлык ИИБсына алынып келинип, алты саат сурак берди. Анда экс-муфтийдин экинчи никеси жана көп аял алууга чакырыгы тууралуу суралды. Ага өлкөдөн чыгууга дагы тыюу салынды. 

Эң көп окулган жаңылыктар