14:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалиловго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов Казакстанга чыгып кете алган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди. 

Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов Алма-Ата шаарына дарыланууга бара жаткан. Аны «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен милиция издеп жатканын айтып өткөрүшкөн эмес. 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ажыны Ысык-Көлдөн түнү алып келишкен. Ал алты саат сурак берген.

Акин Токтоналиевдин айтымында, ажыга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, чакырган учурда тергөөгө келип туруу тил катын жаздырып алышты. 

Эскерте кетсек, Чубак ажыл Жалилов экинчи аял алганын моюнга алып, башкаларды дагы кош никеге турууга үгүттөн. «Кылмыш шамы» укук коргоо борбору экс-муфтийдин билдирүүсүнө укуктук баа берүү арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган. Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарынан бул билдирүү боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума