20:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чубак ажы Жалилов парламенттин депутаттары менен соттошуу оюнан кайтты

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Элвира Сурабалдиева менен соттошпойт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, парламенттин депутаттарын жана «Кылым шамы» укук коргоо борборунуну директору Азиза Абдрасулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованы сотко берери боюнча өткөн жылы декабрь айында айткан.

«Бул эски маалымат. Ал кезде ажынын үй-бүлөсү тууралуу көп такталбаган маалыматтар жана каралоолор болгон. Андыктан, кадыр баркын коргоо боюнча сөз айтылган. Бирок, азырынча андай ой жок. Биз Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын чечимин күтүп жатабыз» — деди.

Акин Токтоналиевдин айтымында, алар Чубак ажы Жалиловдун эки аялы тууралуу гана билдирүүсүнө милициянын чечимин күтүп жатат. Анткени, ажынын юристти Гүлнур Жалилованын атынан арыз бар экенине ишенбейт.

«Гүлнур Жалилова өзү азыр үйүндө, чогуу эле жашап жатышат» — дейт Акин Токтоналиев.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов ноябрындын аягына экинчи аял алганын жарыялаган. Аялы кийинчерек «Сезим» кризистик борборуна кайрылып, ажы балдарын жана аны өлтүрөөрүн айтып, коркутуп жатканын билдирген. Анын арызы азыр Бишкек шаардык ИИБсына текшерилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар