08:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чубак ажи Жалилов мыйзам жана конституцияны бузбаганын айтат

Чубак ажи Жалилов мыйзам жана конституцияны бузган жок. Бул тууралуу биздин агенттикке анын жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажи Жалилов кечээ экинчи жолу Бишкек шаардык ИИБсында болуп, сурак берди.

Сурактык жүрүшүндө тергөөчүлөр, мурдакы муфтийдин расмий нике күбөлүгүн текшеришип, мыйзам алдында ал бир никелүү экендиги белгилешти. 

«Айрымдар Бишкек ИИБсына таянып, Чубак ажи экинчи аялынан баш тартты деген сыяктуу жазып жатышат. Андай эмес. Ал экинчи аялы менен мусулмандык салт менен никеге турган. Мыйзам боюнча бир эле аялы бар. Чубак ажи аны менен эч мыйзам бузбаганын жана эч кимди көп аял алууга үндөбөгөнүн айтты» - дейт Акин Токтоналиев.

Бишкек шаардык ИИБсы Чубак ажи Жалилов экинчи аял менен расмий жана жарандык никеде дагы жашабастыгын маалымдаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар